www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун программасынын башчысы Майкл Райан жума күнү кечинде Женевадагы брифингде Казакстандагы пневмониянын көп катталышы туура эмес диагноздолгон коронавирустун бир формасы болушу мүмкүн экенин айткан.

Өлкөдө COVID-19 вирусу менен ооругандардын көбөйүшү бул версияны далилдейт, деп кошумчалады Райан.

Ал ошондой эле ДССУ Казакстандын бийликтери менен иштешип, бул учурлар коронавирус инфекциясына дал келерин түшүнүш үчүн пневмониясы бар бейтаптардын рентген-сүрөттөрүн изилдеп жатканын билдирди.

ДССУ пневмониянын очогу – COVID-19 вирусунун кесепети деген пикирде болгону менен, уюмдун эксперттери башка версияларды дагы карап чыгууга даяр экенин белгиледи Райан.

Казакстанда акыркы сутка ичинде 1798 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен 737 адам симтому жок ооругандар экенин коронавируска каршы күрөшкөн штаб билдирди.

Муну менен өлкөдө илдетке чалдыккандарын жалпы саны 58 253 адамга жетти.

Ошондой эле бир суткада коронавирустан 1314 киши айыгып, ооруканадан чыкты.

Айыккандардын жалпы саны — 33 814.

Каза болгондор —264.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости