www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда коронавирус инфекциясына каршы вакцина сыноодон өттү. Изилдөө ийгиликтүү болгонун Иван Сеченов университетинин Трансляциялык медицина жана биотехнология институтунун директору Вадим Тарасов билдирди. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазышууда. 

Россиянын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-июнда Сеченов университетинде Николай Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология илимий борбору тарабынан иштелип чыккан коронавирустук вакцинанын клиникалык сыноолору башталгандыгын маалымдаган.

"Сеченов университетинде дүйнөдөгү биринчи коронавируска каршы вакцина сыноодон ийгиликтүү өттү. Изилдөөгө катышкан ыктыярчылардын биринчи тобу шаршемби күнү, экинчиси 20-июлда үйлөрүнө жиберилет", - деди окуу жайдын директору.

Изилдөөгө катышкан ыктыярчылар эки топко бөлүнүп, анда вакцина биринчи топко азыраак, экинчи топко эки эсе көп берилген. Алгачкы күндөрү жарандардын дене табы көтөрүлүп, андан башка эч кандай терс реакциялар байкалган эмес.

Ыктыярчылар узак убакыт бою обочолонгондуктан, бул нерсе алардын психологиялык абалына таасир этип, изилдөө учурунда эмоционалдык стресс күчөгөн. Мындан улам изилдөө жүргүзүүгө психологдор да тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости