www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус аба аркылуу мурун ойлогондон дагы көбүрөөк жайылышы мүмкүн экенин эскертти. 

ДССУ коронавирус эпидемиясы көбөйүп жаткандыгын эскерттүү менен, “Эл аралык илимпоздор тобу коронавирус эки метрден алыс жайылышы мүмкүн деген жыйынтыкка келишти. Жакынкы күндөрү бул боюнча жаңы билдирүүсүн жарыялашат”, - деп билдирди.

Маалыматка ылайык, эки метр физикалык аралыкты (коомдук аралык) сактоо жана бет кап тагынуу азыркы учурда COVID-19 илдети менен күрөшүүнүн негизги жолу болуп эсептелип жатат.

Дүйнө жүзү боюнча 11 миллион 955 миңден ашык адам коронавирусту жуктуруп, 546 миңден ашуун адам көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости