www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Lexus 570 унаасы жол жээгиндеги дубалды жана андан ары бүтө элек үйдү сүзүп токтогон. Бул тууралуу патрулдук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-июль күнү болжол менен саат 13:00 чамасында 1971-жылы туулган С.Т. аттуу жаран Lexus 570 үлгүсүндөгү унаасы менен Сары-челек көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, Бельская көчөсүнүн кесилишинен унаасын башкара албай, жол жээгиндеги дубалды жана андан ары бүтө элек үйдү сүзүп токтогон.

Натыйжада унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү жабыркап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Унаа айып короосуна токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости