www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия украин бийлигин өздөрүн республика деп жарыялап алган ДНР жана ЛНР менен туткундарды алмашууда тоскоолдуктарды жаратып жатат деп айыптады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

«Киев туткундагылардын тизмесин төрт категорияга ылайык түзүү боюнча буга чейин келишилген макулдашуулардан баш тартты. Жыйындын жүрүшүндө Киевдин делегациясы дагы эки категория киргизүүнү каалап жатканын билдирди. Мындай аракеттер туткундар менен алмашуу жана аларды бошотуу жараянына кыйла тоскоолдуктарды жаратууда», — деди Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча үч тараптуу контакттык топтогу Орусиянын өкүлү Борис Грызлов.

Азырынча бул билдирүүгө украин тарап кандай реакция кылганы белгисиз. «РБК-Украина» басылмасы Киев туткундарды «баарына баарын» деген принцип менен алмашууну көздөп жатканын жазды.

7-8-июлда Донбасс боюнча контакттык топтун жаңы жыйындары башталды. Коронавирус эпидемиясынан улам алар видеоконференция режиминде өтүүүдө. Кеңешмелердин кийинки баскычы 22-июлга белгиленди.

Быйыл Киев менен өздөрүн республика деп жарыялап алган Донбасстын ортосундагы алгачкы туткундар менен алмашуу 16-апрелде болгон. Анда украин бийлиги 14, жикчилдер 20 кишини бири-бирине өткөрүп беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости