www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору (ДССУ) Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирустун "омикрон" штаммынын жайылып кетишинен улам COVID-19дун жаңы варианттары пайда болушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Бул пандемия жакында бүтчүдөй эмес. "Омикрон" дүйнөгө жайылып кетти, эми башка дагы штаммдар чыгышы мүмкүн. Андыктан абдан көңүл буруп, жаңы штаммдарды байкап турушубуз керек. "Омикрондун" жеңил формада өтүп жатканын көргөндөр аны олуттуу кабыл албай жатат. Бирок мындан дагы ооруканага түшүп, өлүп калгандар жок эмес", — деди башкы директор.

"Омикрон" штаммы эки ай мурда Ботсвана менен Түштүк Африка Республикасынан табылган. Окумуштуулардын айтымында, анын S-белогунда ондогон мутация бар. Адистердин божомолу боюнча, штамм иммунитети начар адамдын организминде (ВИЧ менен ооруган) өнүккөн.

Дарыгерлер "омикрон" штаммын жуктургандар көбүнчө сасык тумоого кабылгандай ооруй турганын айтып, тамак жуткурбай, баш ооруп, мурун бүтөрүн белгилешкен.

Учурда бул вирус дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетине жайылып кетти. Ал эми Кыргызстанда аны 12-январь күнү аныкташкан.

Роспотребнадзор мекемесинин башчысы Анна Попова жаңы штаммдын жугуштуулугу мурдагыларга салыштырмалуу 3-7 эсеге жогору экенин айтып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости