www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Казакстандагы окуя Борбор Азияга да таасирин тийгизиши мүмкүн», - деди бүгүн, 19-январда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Нарынбек Молдобаев.

- Нарынбек агай, Казакстандагы окуялар дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду. Ал турсун ЖККУнун аскерлери киргенин бири туура көрсө, бири сындады. Абал турукташты дегенибиз менен ал окуялардын кесепети уланышы мүмкүнбү?

- Элден мурун ЖККУнун аскерлери Казакстанга кирсин дегенде элдин көпчүлүгү каршы болду. Анткени, эл өзү митинг кылып, эски режимди кетиргиси келип, 30 жылдан бери башкарып келаткан Назарбаевдин кланын кетиргенге ушунчалык аракет кылып жатса, эмнеге биз алардын ички ишине кийлигишишибиз керек деген ой баарынын башына келди.

Бирок, митингде полициялардын башын кесип салган жагдай орун алды. Түрдүү маалыматтар тарады. Бийлик «Эл аралык террористтер кирди» десе, эксперттер «бийликтен кетип жаткан топ, каралар аркылуу жасатышты» дешти. Мен дагы мындай акылга сыйбаган иштерди митингчилер эмес, провокаторлор жасашты деген ойдомун.

Казакстандын мурунку премьер-министри Акежан Кажегельдин деген да, эсксперттер да мындай иштерди уюшулган криминалдардын тобу жасаганын айтышууда.

- Эмне үчүн бийлигинен кол жууп жаткан топ, криминалдардын үрөй учура турган кызматын колдонушту деп ойлойсуз?

- Анткени, бийлигин тарттырган топ провокация кылып, эл менен бийликти кайраштырыш үчүн криминалдар аркылуу үрөй учурган кылмыштарды жасатып, чагымчылдыкка жол бергенин Акежан Кажегельдин да, эсксперттер да баса белгилеп жатышат.

Казакстандын элин да түшүнсө болот. Алар сабыр түгөнгөндө аргасыз нааразычылык митингдерге чыгышты. Чынында биздин бийликтегилер алардын бийлиги жасагандай иштерди кылса, эбак эле эл бийликтин тизгинин тарттырып коймок.

Казактын бийлиги өз билемдик кылып, нефтини, газды ал турсун кен байлыктарды, дээрлик завод, фабрикаларды, металлургиялык комбинаттардын баарын чет өлкөлүктөргө, магнаттарга сатып жиберишкен.

Ошондой эле Назарбаевдин кланы болгон байлыкты ээлеп алышкан. Ал турсун Казакстандын 1200 орундук «Ала-Тау» деген санаториясын да былтыр «Дарига Назарбаева сатып алганы жатат» дешкенин угуп таңкалгам.  Кантип сатып алат десем, «Кытайлар алганча ал сатып алганы жакшы да» дейт. Ишенчээк, сабырдуу элине чыны менен таңгалгам. Андай нерселер Кыргызстанда болсо, эл эбак эле жарылып кетмек.

- Казакстандагы окуялардын запкысы бизге да тийиши мүмкүнбү?

- Мүмкүн. Анткени, мындай баш аламандык, революциянын баары бизнеске түздөн-түз зыянын тийгизет. Бизнеске зыяны тийсе, ал нерсе сөзсүз экономикага таасир этет. Ошондой эле Казакстанда болгон окуя Борбор Азияга да кандайдыр бир деңгээлде таасири тийиши ыктымал.

Анткени, жанагындай үрөй учурган кылмыштарды жасаган адамдардын арасында кандай адамдар болгонун билбейбиз. Ошон үчүн сак болушубуз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости