www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго кайрылды.
Кайрылуунун видеосун элчинин уулу Руслан Бекназаров YouTube-каналына жарыялады.
«Мындан эки жыл мурда Адахан мырзанын мени элчиликке сатылып кетти деген сөзү боюнча маалымат жыйынында берген жообумду эки жылдан бери үзгүлөп-кескилеп, Адаханга каршы колдонуп жүрөт. Кечээ тергөөчүлөрдүн ошол сөзүңүздү тактап коелу дегенине макул болгонумду кайрадан бийлик дагы, Адахан дагы саясат кылып жатат», - деди Бекназаров.
Ошондой эле, кайрылууда Бекназаров Кыргызстанга июнь окуясы боюнча көрсөтмө берүү үчүн келгенин, «Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө бергенге келди» деген сөздөр туура эместигин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 17-18-январда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурада сурак берип чыккан.
Ал эми кыргыз-тажик чек арасы боюнча сурак берип жаткан Адахан Мадумаров 18-январда сурактан чыккандан кийин «эртең жекеме-жеке жолугушуулар болот экен, бир азамат Мадумаровго каршы сүйлөп берем деп келген экен» деп айткан.
Буга чейин, депутат Мадумаров болсо 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары суралып баштаган.
Өз кезегинде Мадумаров 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ал кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.
Бул ортодо Президент Садыр Жапаров 17-январда Вечерний Бишкек интернет басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду «чыккынчылык» деп атады. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын билдирген.
Эске салсак, УКМК 2010-жылдын июнь айындагы окуяга байланыштуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайрадан тергеле баштаганын былтыр апрелде жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg