www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рамазан Дырылдаев Президент Жапаровго Кайрылды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рамазан Дырылдаев Президент Садыр Жапаровго Кайрылуу жасады.

Төмөндө кайрылуунун толук текстти:

Урматтуу Жапаров Садыр Нургожоевич, сиздин басма сөз маалымат каражаттарына чыккан маектериңизди окуп алып, Аскар Акаев эки жолу суракка келип, “Кумтөрдү” алганга жардам болду дегениңизди окуп алып, таң калып отурам.

Акаевдин эл аралык афёра компанияны Кыргызстанга киргизгенин, ал компания экологияга эбегейсиз зыян тийгизгенин жана Акаев түздүргөн келишимдин айынан мамлекет жапа чеккенин кантип жокко чыгарабыз.

Ошондой эле Акаев Бирштейндин самолёту менен 2 тонна алтынды Швейцарияга алып чыгып, өз эсептерине салдырып коюшканын кантип эстен чыгарабыз. Аны акташтан мурун ушул маселенин аныгына чыксаңар жакшы болмок. Же эки тонна алтынды алып чыгып кетүү кылмыш эмеспи? Эмне үчүн бул боюнча тергөө жүрбөйт?

Акаевди актоодон мурун анын бул кылмыш иштери да көз жаздымды калтырууга болбойт. Анткени, ал көз жумуп коё турган иштер менен алек болгон эмес. Суракка келди деп эле анын жазасын жеңилдетпей, жоопко тартыш керек. Болбосо эл кечрбейт.

Рамазан Дырылдаев, легендарлуу парламенттин депутаты, алтын комиссиянын түзүүчүсү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости