www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Казакстандын элитасында эч кандай конфликт же тирешүү жок экенин, бул темадагы ушак-айыңдар таптакыр негизсиз экенин айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн видеокайрылуусунда билдирди.

Элбашынын айтымында, Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев толук бийликке ээ.

«Ал Коопсуздук кеңешинин төрагасы. Жакында президент «Нур Отан» партиясынын төрагалыгына шайланат», - деди Назарбаев.

Мурунку президент ошондой эле январь айындагы башаламандыкта каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости