www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентте Бекешев менен Байсалов кайым айтыша кетти

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Өкмөт өкүлү Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешевдин сынына жооп берди.

Байсалов буга чейинки бийликтин тушунда санариптештирүү тууралуу убадалар берилгени менен иш жүргөн эмес деп билдирди.

«Урматтуу Дастан Далабаевич биз сиз айткан маселелерди толук билебиз. Сөз эмес, иш жүзүндө чечип жатабыз. Дастан Далабаевич жаңы өкмөткө, жаңы министрге убакыт бериңиз. Көйгөлөр сиз айткандан жүз эсе начар.

Биз маселелерди жакынкы убакта чечип, жыйынтынын көрсөтөбүз. Сиз 10 жыл ушул жерде башкаруучу партияда кол чаап отурдуңуз. Биз 2-3 жылда бул маселелерди чечебиз.

Буга чейин көп ураан айтылган, баяндамалар жасалган, «40 кадам» жана башка программалар болгон. Бирок биз азыр болсо баарыбыз өнүккөн өлкөлөрдү тим эле коелу, жаныбызда мамлекеттердин алда канча алдыга кеткенин байкап отурабыз. Жогоруда айтылган проблемаларды биз билебиз, баарыбыз аны чечип жатабыз.

Сөз эмес, иш жүзүндө чечип жатабыз. Дастан Далабаевич жаңы өкмөткө, жаңы министрге убакыт бериңиз. Көйгөлөр сиз айткандан жүз эсе начар. Биз маселелерди жакынкы убакта чечип, жыйынтынын көрсөтөбүз».

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости