www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Табылды мырза, Казакстанда январдын башында болуп өткөн трагедиялык окуялардын тутанышы тууралуу саясатчылар, аналитиктер түрдүү пикирлерди билдиришип жатат. Айрымдар бул Назарбаев менен Токоевдин ортосундагы кландык чыр деп жатышат. Чын эле ошондойбу?

--Ооба, көпчүлүк аналитиктер бул каргашалуу окуяны Назарбаев менен Токоевдин ортосундагы чырдан улам келип чыккан деп жатышат. Бирок, мен бул окуя менен эки лидердин ортосундагы талашты байланыштырбоо керек деп эсептейм. Себеби, биринчиден, күтүүсүз болгон. Эч ким мындай болуп кетет деп күткөн эмес.

Экинчиден, бул окуялар автомобиль газына болгон баанын көтөрүлүшүнөн улам өрчүгөн. Адеп Мангыштау областынын Жаңы-Өзөн, Актау  шаарларында башталып, анан дүрт деген оттой тутанып, Алматы, Актөбө, Караганда, Нур-Султан, Шымкент, Кокшетау, Уральск шаарларына да жайылып кетти. Бул митингдер талап тоноо, мародерлук, курал жаракты тартып алуу, административдик имартатарды басып алуу, укук коргоо органдарынын имараттарын, аэропорт, телевидение, банктарды ж.б. стратегиялык объектилерди талкалоо сыяктуу өтө терс көрүнүштөр менен коштолгон.

Мен алгачкы күндөрү эле бул окуяларды кландык чаттактар менен байланыштырган жокмун. Бул окуяларды Путин менен Байдендиин 13-январдагы жолугушуусуна байланыштуу кароону сунуштадым.  АКШ жана Батыш өлкөлөрү Орусиянын Украина проблемасы боюнча катуу позициясын жактырбай келет. Ошого алар Казакстанга чатак жаратып, Орусияга жолугушуу алдында бир аз басым кылууну көздөштү деген пикирди айттым. Анан калса, жаны түзүлүп келаткан түрк мамлекеттеринин уюумунда казак лидерлери Назарбаев жана Токоевдин аброю чоң экенине да өтө кызганыч менен караган лидерлер бар. Мен бул окуяларды мына ушул өңүттө кароо туура деп ойлойм.

Менин оюмду бул окуялардын өөрчүшүнүн өзү эле көрсөтүп турат. Адегенде акциянын катышуучулары Назарбаев жана анын тегерегиндеги лөктөрдү чоң саясаттан биротоло кетсин деп талап кылып жатышты. Токоевди бир эле Актау шаарында кетсин деп жатты. Митингчилдердин маанайы толук бойдон Н.Назарбаев жана анын кланына каршы экени көрүнүп турду. Бир чети күтүлбөгөн каршылык акциялар бийликти эстен тандырып салды.

Ошого бийлик дароо абалдан кантип чыгуунун жолдорун караштыра баштады. Токоевге эл ишенип тургандыктан ага толук карт бланш берилди. Ал Н.Назарбаев, К.Маисмов, Самат Абишти тез арада кызматтан ала салды. Өзүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы кылып бекитти. Башкача айтканда, Казакстанда болгон бийликтин баарын өзүнүн колуна топтоого жетишти. Ошентип, бийликке кыжыры келген элдин ачуусун бир аз болсо да баса алды. 

--Бирок, Токоев ЖККУдан жардам сурабадыбы?

--Каршылык акциясынын батыштагы координаторлору Н.Назарбаевдин кланынын бийликтен четтилгенин билгенден кийин, акциянын экинчи этабын башташты. М.Аблязов мен аэропортко Токоев бийликтен кетип, эскилердин бийлиги толугу менен ойрн болгондо гана коном деген билдирүүлөрдү таратып жатты. Өлкөдө басып алуу, тоноо күчөдү. Абалды сактап калыш үчүн Токоев аргасыздан ЖККУдан жардам сурады. Себеби, Казакстандын күч органдары бүтүндөй өлкө боюнча масштабдуу саясий акцияларды ооздуктап, контролго алуу дайын эмес болуп чыкты. Алардын тажрыйбасы жетпей жатты.  Анан калса, каршылык акциялар митинг түрүндө эмес, талкалап-тоноо, куралданып каршылык көрсөтүү менен коштолуп, күч органдарын дендароо кылып салды. Ошого Токоев аргасыздан ЖККУга кайрылды.

--Бул окуяларда өтө көп талоон жана талкалоолор болду. Саясий акцияларды ансыз деле өткөрсө болбойт беле?

--Январдагы каршылык акциялар Казакстанда оппозициянын жотктугун көрсөттү. Башкача айтканда, өлкөдө саясий конкуренцияга шарт түзүлгөн эместигин тастыктады. Баары бийликтен жана бийликтеги кландан коркот. Бийлик ичкерки оппозиция түгүл, сыртта качып жүргөн оппозиция лидерлериин да киши катарына эсептебери анык болду. Анан калса, сыртта каңгып жүргөн оппозиция лидерлеринин деле коомчулук арасында баркы анчейин чоң эмес экен. Бирок, ошондой болсо да, бийликтин негизги оппоненти М.Аблязов Францияда туруп, калгандары Украинада туруп бул акцияларды координациялап жатышты. Кыязы, булар Казакстандагы өз тууган уруктарынын арасындагы салафиттердин лидерлери менен, криминалдык авторитеттер менен тыгыз байланышып алса керек. Ошого митингдер талап-тоноо, атышуу, басып алуулар менен коштолуп жатты.

--Токоев абалды жөңгөргөнгө жетишти. Бирок, ушу менен баары турукташып кетеби же толкундоодор кайра кайталанышы мүмкүнбү?

--Бул окуяларда Токоев чечкиндүүлүгүн көрсөтө алды. Бирок, Токоев эми нукура улуттук лидерге айланышы керек. Ал тез арада элдин купулуна толгон күрдөөлдүү реформалдарды жүргүзүп, калктын турмушун жакшыртуучу жолду көрсөтүшү керек. Эгер Токоев бул ишти да мыкты аткарып кетсе, анда абал турукташып кетет. 

--Бул толкундоолор казак элине керек беле?

--Жок. Кереги жок болчу. Кыргызстанда 3 жолу революция болду. Бирок, эл жыргап кеткен жок да. Улам бийликке келгени, өздөрү байып, анан элди атып качып кетип жатпайбы. Элди ойлогон эч ким жок. Эгер элдик толкун Токоевди да кулатып салса, Казакстанда биздикиндей абалга туушукмак. Баурдаштарда кандай гана болбосун, өнүгүү бар да. Казактарга революциянын кереги жок.

Булак: Жаңы Ордо гезити

 

Последние новости