www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көпчүлүк элдер жана мамлекет башчыларынын коронавирус пандемиясын бүттү деген түшүнүгү боюнча тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу уюмдун өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору Майкл Райан маалымдады.

Райан бул нерсе андай оңой эместигин, эгер Жер эли сактанбаса алдыда коронавирустун үчүнчү, төртүнчү толкундарына кабылуу ыктымалдуулугу бар экендигин эскертти.

Анын айтымында, көпчүлүгү вакцина чыкканына ишенип сактануунун кереги жок деп эсептеп алышат. Бирок бул нерсенин аягы жакшы болбой калышы мүмкүндүгүн айтат.

Ал коронавирустун, анын ичинде жаңы штаммдардын жайылышына каршы күрөшүү боюнча коомдук иш-чараларды кылдаттык менен сактоого үндөдү.

Буга чейин ДСУнун Европадагы Аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге коронавирус пандемиясы 2021-жылдын соңуна чейин созуларын жана 2022-жылдын башына чейин бүтөт деген күтүүлөр бар экендигин айткан. «Бирок, бул вирус толугу менен жок болот дегенди билдирбейт»,- дейт Райан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости