www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамытканов өкмөттүн курамына кирбей калышы боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу ал айрым маалымат булактарына билдирди. 

--"Октябрь окуясынан кийин түзүлгөн өкмөткө келгенде реформаларды жасайбыз деп келгенбиз. Ошондо элдин алдында реформаны аткаруу бийлигинен баштайбыз деп убада бергенбиз. Эл өтө көп акча сарпталган мекемелерди жоюуну талап кылган. Биринчи күндөн баштап өкмөттүн курамы боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгында, жаңы өкмөттүн түзүмү сунушталган болчу. Жаңы түзүм президенттин чечими менен кабыл алынды. Буга чейин 4 вице-премьер-министр бар болчу. Кыскартылды. Элдин алдында берген убаданы аткарган үчүн биз муну туура кабыл алдык.

Мамлекет жетекчилери башка кызматты сунуштаса көрөбүз. Улукбек Марипов мага телефон чалып, сүйлөшкөнбүз. Ага чейин Садыр Жапаров менен сүйлөшкөм. Алар силердин тажрыйбаңарды колдонобуз, сунуш болсо четке какпагыла деп айткан. Биз эл үчүн иштегенге макулбуз", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости