www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Россия тарапка  коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын иштеп чыкканы үчүн ыраазы болуп жатат. Бул тууралуу аталган уюмдун Европа боюнча аймактык бюросунун директору Ханс Клюге билдиргенин РИА Новости жазды. 

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Россия Федерациясынын COVID-19га каршы вакцина, тагыраагы, "Спутник V" вакцинасын иштеп чыкканын өтө баалайт. РФке коопсуз жана майнаптуу вакцинаны түзгөн эң сонун аракети үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирип кетким келет", — деп айткан Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен болгон жолугуунун жыйынтыгында.

Эске салсак, буга чейин Россиянын саламаттык сактоо министри буга чейин COVID-19ду профилактика кылган вакцина Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология изилдөө борборунун адистери тарабынан Россиянын түз инвестициялары боюнча фонддун көмөгү менен иштелип чыкканын кабарлаган. Анын жетекчиси Кирилл Дмитриев учурда 20 өлкөдөн миллиард доза сатып алуу боюнча суроо-талап бар экенин билдирген. Ал Россия жылына 500 миллион доза вакцина чыгара ала турган беш өлкө менен кызматташууга макулдашкандыгын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости