www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анда мамлекет башчы Кыргыз Республикасынын атынан мааракелик жыйындын бардык катышуучуларына салам айтты.

Президент белгилегендей, COVID-19 пандемиясы БУУ түптөлгөндөн тарта глобалдык масштабдагы олуттуу чакырыктардын бири болуп калды.

«Туугандары менен жакындарын жоготкондордун баарына көңүл айтам. Ал эми бул илдет менен күрөшүп жаткандарга тез арада сакайып кетишин каалайм. Пандемия биздин өлкөлөрдүн социалдык чөйрөсү менен экономикасына терс таасирин тийгизди. Орто жана чакан бизнес жабыркады. Кыргызстан мындай оор күндөрдө колдоо көрсөткөн өнөктөш-өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирет», — деди Жээнбеков.

Президент кайрылуу сөзүндө коронавирустун кесепети тышкы карыз көйгөйүнө катуу таасирин тийгизгенин айтты.

Ошондой эле «Чоң жыйырмалыкка» жана эл аралык каржы уюмдарына карыздарды төлөөнү токтотуу боюнча чечими үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, Кыргызстан БУУнун Баш катчысынын жүргүзгөн реформаларын колдой турганын, чакан өлкөлөрдөгү универсалдуулук, натыйжалуулук жана кеңири географияга таанытуу принциптерин сактап калуу маанилүү экенин белгиледи.

Жээнбеков Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун эске салды.

«Биз ошондой эле адам укуктарын, укук үстөмдүүлүгүн жана демократияны коргоого чоң маани беребиз. Адам укуктары боюнча кеңештин кезектеги шайлоосунда бизди колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз», — деди өлкө башчы.

Ал Кыргызстан Борбор Азиядагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин кошумчалады.

«Биз союздаштарыбыз жана стратегиялык өнөктөштөрүбүз менен мамилелерди мындан ары дагы чыңдайбыз деген бекем ниеттебиз. Кыргызстан социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдөгү жана коопсуздукту камсыз кылуудагы аймактык уюмдардын маанилүү ролун тааныйт.

Айымдар жана мырзалар!

Үстүбүздөгү жылы биз Уюмдун келечегин, көп тараптуулук принциптерин жана глобалдык эпидемияга каршы турууну талкуулап жатабыз. Бул тема дүйнөдөгү оор кырдаалды болушунча таамай чагылдырып турат. Булчакырыктарды жеңүү үчүн Кыргызстан өзүнүн салымын кошууга даяр», — деди Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости