www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын Президенти Армен Саркисянды жана армян элин Армениянын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

«Кыргызстан менен Армениянын ар кыл чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуусунун оң динамикасын, ЕАЭБдин жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы өнөктөштүктүн өз ара аркеттенүүсүнүн жогорку натыйжалуулугун канааттануу менен белгилейм.

Биргелешкен күч-аракеттер менен биз эки өлкөнүн элдери үчүн кыргыз-армян өз ара пайдалуу комплекстердин баарын мындан ары да өнүктүрө аларыбызга бекем ишенем», — деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков Армен Саркисянга бекем ден соолук, түгөнгүс күч-кубат, ал эми достук мамиледеги Армения элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости