www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутатка талапкер колдорун самындап жууп, керек болгон учурда тырмагын алуу керек. Мунун катта мааниси бар, анткени тырмагы курч депутат өтө «грязный» нерселерге көз артып, колун тырмагы менен кошо матырып «жугуштуу ооруларды» жугузуп алышы ыктымал.

Жаш депутат өзүн кантип алып жүрүүсү керек?

Талапкер болуп жүрө бериң, депутат болор менен Турдунасир Бекбоевдин шапалагына туш болосуң. Муну билүү абдан керек. Эң алгач моюнга сөзсүз «маданияттын ычкырын» тагынуу керек. Болбосо партиялык лидерден жеме угуп калышы мүмкүн. Коомдук жайларда коёндон жапыз жүрүш керек. Анткени жаш депутатка көз салгандар көп болот. Жулунган журналисттерден жаа боюу качыш керек. Алар такмаза кылып кетиши абзел. Партлидердин баканооздору байкап калбасын, «кызга кырк үйдөн тыюу» дегендей жаш депутатка бардык жерден тыюу салынат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости