www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйөөм боёксуз жүзүмдү көрүп таштап кетем деп...

Саламатсыздарбы, менин атым Айжан башымдан өткөн окуяны сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм.

Турмушка чыкканыма 3 жыл болду. Жолдошум менен эки жыл кыз жигит болуп сүйлөшүп үйлөнгөнбүз. Ал чынында келбеттүү, сындуу, билимдүү жан. Экөөбүздүн мүнөзүбүз да бир, ал мени, мен аны түшүнөм. Ынтымактуу жашап жатабыз. Мен аны жолдошум катары, чыныгы эркек катары абдан сыйлайм. Буга чейин анын алдында жүдөп, өзүмдүн алсыз жагымды көрсөткүм келчү эмес. Ал эле эмес жолдошума жүзүмдү боёксуз көрсөткөн эмесмин. Эмне болсо да боёнууга убакыт таап, баарына жетишчүмүн. Биринчи балам курсагымда бүгүн-эртең деп турам. Аман-эсен төрөп алышым биринчи орунда экени жүрөгүмдө турса да, мен төрөт үйүндө жатканда күйөөм келип боёксуз көрүп калса мени таштап кетсечи, деп кандай болгондо да боёнууга жетишүүнүн жолдорун ойлоп атам. Өзүнчө сар-санаага батып жүрдүм.

Ошентип төрөт үйүндө болуу да насип этти. Уулду болдук. Мен төрөгөндөн кийин балама элжиреп боёкту да унутуп коюптурмун. Күйөөм ага деле маани берген жок. Мурдагыдан да мээримдүү болуп чыга келди. Төрөт үйүнөн чыгаарда боёнуп алсам, сени боёксуз деле жакшы көрөм деп маңдаймдан сүйдү. Көрсө ал мени дайыма боёк менен жүргөнүмдө, сен мага боёнбосоң деле жагасың” – деп айтууга даярданып жүрүптүр. Жолдошумдун түшүнүктүү адам экенине ыраазы болдум.

Эх аял заты биз канча жазанган менен чыныгы сүйүү башка экен. Өзүбүзгө көңүл буралы, бирок жан дүйнөбүздү да сулуулайлы. Мен сырткы келбетиме көп көңүл бурчумун. Анткен менен  ички дүйнөнүн жылуулугу биринчи орунда экен. 
Күйөөм боёксуз жүзүмдү көрүп “таштап кетем деп” айтса эмне кылам, деген ойлор менин башымда таштанды катары эле жүрчү экен...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости