www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөлөр бири-бири менен байланышта болгондуктан  COVID-19 вирусунун жугуусун толугу менен токтотуу вакцина өндүрүү менен гана ишке ашат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом маалымат жыйынында билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директорунун айтымында, стратегиялык сунуштоолор алты учурдан турат жана өлкөлөр коронавирустан улам жабылган эшиктер ачылганга чейин төмөнкүлөргө ынанышы керек:

1.Вирустун бир адамдан экинчи адамга өтүү жолу чектелиши керек;

2.Саламаттык сактоо системасында инфекциянын бардык учурларын аныктоо, текшерүү, карантин, жуктуруп алгандарды дарылоо жана алардын контакттарын текшерүү үчүн керектүү мүмкүнчүлүктөр болушу керек;

3.Саламаттыкты сактоо жайлары жана карылар үйлөрү сыяктуу белгилүү бир мекемелерде инфекциянын коркунучу минималдуу болушу керек;

4.Жумуш ордундарында, мектептерде жана ушул сыяктуу жерлерде профилактикалык чаралар көрүлгөн болушу керек;

5.Импорттук тобокелдиктер көзөмөлдөнүшү керек;

6.Адамдарды жаңы шарттарга көнүү үчүн окутуу жана  камсыз кылуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости