www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө шашылыш билдирүүлөр түстүү коддор менен көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, гидрометеорология боюнча агенттигинин базасында аба ырайын болжолдоо боюнча төрт сервис иштелип чыкты.

"Биринчи сервис абанын температурасын, нымдуулугун, шамалдын багытын жана ылдамдыгын көрсөтөт. Аны meteo.kg сайтынан табууга болот. Маалыматтар ар бир саат сайын жаңыланып турат. Экинчиде жарандар, атургай чет жактагылар да аба ырайынын беш күндүк божомолун биле алышат. Үчүнчүсүндө сайттагы картадан кар көчкү коркунучу бар аймактар белгиленип турат. Төртүнчүсү, шашылыш билдирүү болуп калса, ал түстүү коддор менен кабарланып турат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, шашылыш билдирүүлөргө түстүү коддорду колдонуу ушул айдан тарта иштей баштаары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости