www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Латын Америкасынын бир катар өлкөлөрүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп жатат. Аймактык саламаттык сактоо уюмдары чочулап жатышат. Бул аймак коронавирустук эпидемиянын жаңы глобалдык борборуна айланабы?

Латын Америкасынын бардык өлкөлөрүнүн ичинен эң начар кырдаал Бразилия. Ал Covid-19 тастыкталган учурлары боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда. Расмий маалыматтар боюнча, 310 миңден ашык адам ооруп жатат Латын Америкасынын башка өлкөлөрү, мисалы Мексика, Чили жана Перу, вирустун ири очокторун кармап калууга аргасыз болушууда.

Ага кошумча, Түштүк Америка коронавирустун борборуна айланганын ДССУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Майкл Райан кошумчалап өттү.

Ал Женевада өткөн брифингде Бразилияда коронавирус менен ооруган жүз миңдеген пациенттер бар экендигин жана алардын көпчүлүгү Сан-Паулуда экендигин айтты.

"Түштүк Америка коронавирус инфекциясынын жаңы борборуна айланды. Биз ушул континентте жана башка көптөгөн өлкөлөрдө жугуштуу оорулардын санын көбөйгөнүн көрүп жатабыз", - деди Райан.

Булак: NazarNews.org

Последние новости