ВИДЕО-Үйдүн үстүнө кулаган учактын канча жүргүнчүсү каза тапканы айтылды
Дүйнө жүзүндө  |   |  1344

Пакистандагы Карачи шаарынын аэропортунун жанында кулаган учактагы 99 жүргүнчүнүн ичинен 97си каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Такталган маалыматтар боюнча, 2 адам аман калган. Алардын абалы тууралуу кабар бериле элек. Учурда каза болгон 19 адамдын аты-жөнү такталганы айтылат.

Учактын бортунда жалпысынан 107 адам болгон. 99 жүргүнчү жана 8 экипаж мүчөсү.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган учакта болжолду түрдө 90 жүргүнчү бар деп айтылган.

Ошондой эле Карачи шаарына жакын жерден аталган учактын кара кутусу издөө тобу тарабынан табылган.  

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями