www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист Төрөхан Жунусбеков менен пикир алышып учурдагы саясый кадамдар тууралуу баарлаштык. 

--Төрөхан, 100 миң доллар пара алып, камалган Арпачиев амнистияга илинип, эркиндикке чыкканы түрдүү талкууга жем таштады. Негизи мунапыс кимдерге берилсе туура болмок? 

--Чынын менен 100 миң доллар пара алып, камакка алынган адам мунапыс менен бошоп жатканы уят. Тагыраагы, мындай мисалдар президенттин коррупция менен күрөшүнө карама-каршы келет. Эгер ири суммадагы каражат менен кармалгандар эркиндикке чыгып жатса, анда саясий буйрук менен камалып, азаптуу күндү баштан кечирип жаткандар да мунапыска илиниши зарыл. Мисалы, Садыр Жапаров кылмыш кылган эмес. Бирок, саясий буйрук менен камакка алынган. Мунапыска Арпачиев эмес, элим, жерим, мамлекетим деген патриот инсан Садыр Жапаров илиниши керек болчу. Адилеттүү мамиле кылышпаса, мындай арактетри менен элдин нааразычылыгын ого бетер күчөтүп алышат. Ошон үчүн мындай маселелер калыстык менен чечилиши керек.

--Исхак Масалиевдин мандаттан баш тартканын депутаттардын деңгээлинен уялган адам катары баалашыбыз керекпи же популизм катары кабыл алышыбыз керекпи?  

--Менимче Исхак Масалиев шайлоо босогосун 5 пайызга, шайлоо күрөөсүн 100 0000го түшүрүүгө аракет кылган мыйзам долбоору комитеттен колдоо таппагандан кийин ушундай кадамга барды окшойт. Ошондуктан пленардык жыйында “эч качан  мыйзамдын үстүнөн мындай шылдыңдоо болгон эмес” деп баса белгиледи. Ошондой эле спикер өкмөттүн адвокатына айланып калганын ачык эле бетине айтып кетти. Мен Масалиевдин мандаттан баш тартышын жакшы мыйзамды колдой албай күлгөн депутаттардан жогору тураарын далилдеп, мандатын тапшырып кетти деп ойлойм. 

--КТ мобайл иши боюнча премьер отставкага кетиши керек. Ал жактагы коррупцияга аралашкан деген да маалыматтар чыга баштады го? 

--Жанар Акаев маселени парламентте көтөрдү. Премьер-министр ал жердеги коррупцияга аралашканын учу көрүнүп жатат. Ошондуктан отставкага кетип, иш козголушу зарыл. Президент мындай кадрларын калкалаганы менен булар ажонун өзүнө көлөкө түшүрүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости