www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алвиге Карачи шаарындагы аэропортунун жанында учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Карачи шаарындагы аэропорттун жанында Airbus A320 учагынын күтүүсүз кыйрагандыгы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана бүткүл Пакистан элине бул кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтып, жабыр тарткан адамдардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости