www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамдар коронавирусту толугу менен жеңе албайт, андыктан вирус менен жашоого үйрөнүшүбүз керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлү Дэвид Набаррого шилтеме берип ВВС жазды.

«Коронавирустун толугу менен жок болуп кетиши чындыкка окшошпой турат. Вакциналар менен дары-дармектер дагы вирусту жеңе албайт. Улам жаңы штаммдар пайда боло берет. Буга көнүшүбүз керек», — деди Набарро.

Ошондой эле адис адам баласы коронавирустун жаңы толкундарына таң калбай жашоосу керектигин кошумчалады.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө COVID-19ду 173 миллиондон ашык адам жуктурду. Анын ичинен 3,7 миллиондон ашыгы көз жумду. Ал эми 2,1 миллиард киши вируска каршы вакцина алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости