www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн кескин чараларды көрүү керек. Бул тууралуу «Кыргызстандын энергетикасы. Тарыхы. Учуру. Келечеги» аттуу тегерек столдо министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшү жана суунун абалына көз карандылык шартында энергетика тармагындагы көйгөйдү чечүүнү кийинкиге калтыруу мүмкүн эмес.

«Энергетика тармагындагы кыйроолорго жол бербөө максатында чечкиндүү кадамдарды кабыл алышыбыз керек», - деди ал.

Жунушалиев бүгүнкү күндө энергетика тармагы оор абалда турганын эске салып, мунун себеби каржынын, кадрдын жоктугу жана коррупция экенин белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстанда энергетика тармагында ири мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

«Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы саатына 142 млрд кВт түзөт, биз анын 10%ын гана колдонобуз. Биз өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн мындан көбүрөөк колдонсок болот», - деди ал.

Айбек Жунушалиев энергетика тармагын өнүктүрүүдө Камбар-Ата ГЭСин, Жогорку-Нарын ГЭСин жана башка потенциалдуу объектилердин ишке берилишине көңүл бургандыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости