www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги балдар менен өспүрүмдөрдү коронавируска каршы Sinovac (CoronaVac) вакцинасы менен эмдөөгө уруксат берди. Бул тууралуу өндүрүүчү компаниянын жетекчиси Инь Вайдунга шилтеме берип Reuters эл аралык агенттиги кабарлады.

Эми Sinovac Biotech компаниясынын COVID-19га каршы вакцинасы менен үч жаштан 17 жашка чейинки балдарды эмдөөгө болот.

«Инь Вайдундун айтымында, препарат клиникалык сыноолордун I жана II фазасынан өттү. Жыйынтыгында вакцина балдардын организминде коронавируска каршы иммунитет пайда кылары аныкталды. Ал эми кыйыр таасирлери билинер-билинбес, жеңил болору белгиленди», — деп айтылат кабарда.

Белгилей кетсек, учурда дүйнө жүзү боюнча вакцинаны 18 жаштан жогорку курактагы адамдар алып жатат. Артыкчылык эл менен көп байланышта болгон кесип ээлерине жана улгайып калган адамдарга берилүүдө.

6-июндагы маалыматка караганда, Кыргызстанда 87 050 киши вакцина алды. Анын ичинен 42 732си препараттын экинчи дозасын дагы алууга жетишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости