www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери кийинки аптада Тажикстан жана Түркмөнстанга келет. Бул тууралуу ТАСС агенттигине таянып, Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Ушул тапта Тажикстан Жонс Хопкинс университетинин картасына ылайык, коронавирус илдети катталбаган өлкөлөрдүн тизмесинде турат. Бирок акыркы жумаларда пневомния жана кургак учуктан бир нече киши өлүп, маркумдардын сөөгү хлорго чыланган кепин менен көмүлүп, үй-бүлө мүчөлөрү карантинге алынууда. Бул Тажикстанда вирус болушу ыктымал деген кооптонууларды жаратууда.

Буга чейин ДССУ Тажикстанда СOVID-19 вирусу катталбаганын тастыктаган. Уюмдун Тажикстандагы туруктуу өкүлү Галина Перфильева «Коммерсантъ» басылмасына маек берип, илдетти жугузгандар таптакыр жок деп айтууга болбой турганын билдирди.

«COVID-19дун белгилери айрым учурда билинбейт. Башка өлкөлөрдөн айырмаланып Тажикстанда жапырт түрдө лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бир гана лаборатория бөлүнгөн. Анын кызматкерлери атайын окуудан өтүштү жана биз аларга жардам берүүгө аракет жасайбыз», - деди ал.

Галина Перфильева анализдердин бир бөлүгү кайрадан текшерилиши керек экенин, бирок авиабайланыш токтогондуктан бул өтө оор болуп жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости