www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 24-апрелинде "Манас" Эл аралык аэропортунда "Түрк Авиажолу" авиакомпаниясынын "Стамбул-Бишкек" чартердик каттамын тосуп алышты. Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын токтоткон учурдан тартып каттамды күтүп жаткан 351 жаран мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

"Ушул чартердик каттам 2020-жылдын 10-апрелиндеги видеосаммиттин жүрүшүндөгү Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын жетишилген сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты. Саммиттин учурунда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бардык өлкөлөрдүн Уюмдарына коронавирус пандемиясына карата үзгүлтүккө учураган аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу тараптардын аймагында жүргөн жана өз өлкөлөрүнө кайтууга мүмкүндүгү жок болгон жарандарга өз ара колдоо көрсөтүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган",-деп айтылат маалыматта.


Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтарып алуу боюнча иштер улантылып жатат.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости