www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун коронавирустун жаңы штаммдарына топ жылдыздардын атын ыйгарууну пландап жатышы оору жоголбой биз менен каларынан кабар берет. Бул тууралуу РИА Новости дарыгер жана алып баруучу Александр Мясниковго шилтеме берип жазды.

Эксе салсак, буга чейин ДССУнун техникалык жетекчиси Мария Ван Керкхове коронавирус инфекциясынын жаңы варианттарына бериле турчу грек алфавиттери түгөнүп калса топ жылдыздардын аты колдонуларын айткан.

Мясников коронавирустан башка коркунучтуу инфекция чыгып калса гана анын фонунда адамзат COVID-19ду унутарын болжолдогон. Ошондой эле ал коронавирус чыккандан бери сасык тумоонун статистикасына көңүл бурулбай калганын айткан.

"Келе жаткан күз-кыш мезгилинде да ушундай көрүнүш болот. Биринчи толкундан бери сасык тумоонун чыныгы саны айтылбай келет", — деген Мясников.

ДССУнун соңку маалыматына ылайык, дүйнө боюнча ооругандар 204 миллионго жетти. АКШ, Индия жана Бразилияда абал оор бойдон калууда. Россия төртүнчү орунда турат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жазында коронавирустун жаңы түрүнө кайсы мамлекетте аныкталганына карата аталыш берип, өлкөнү басынтпаш үчүн грек алфавиттери тандаларын айткан.

Буга чейин коронавирустун Улуу Британияда "альфа", Түштүк Африкада "бета", Бразилияда "гамма", Индияда "дельта" жана "дельта плюс" түрлөрү аныкталган. Мындан сырткары, грек алфавитин инфекциянын жети-сегиз түрү алып жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости