www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда студенттер менен окуучуларга акча кармаганды үйрөтүү үчүн каржылык сабаттуулук боюнча жаңы сабак киргизүү пландалууда. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Анда мектепте жана экономикалык эмес жогорку окуу жайларда билим алгандарды жеке бюджетин пландоого жана каржылык чечимдерди негиздүү кабыл алууга окутат. Ошондой эле каржылык сабаттуулук боюнча олимпиадалар өткөрүлөт.

Муну Өзбекстандын Каржы министрлиги менен Борбордук банкы былтыр калктын каржылык жана инвестициялык сабаттуулугун жогорулатуу стратегиясынын бир бөлүгү катары демилгелеген. Учурда бийлик өкүлдөрү менен ишке ашыруу процессин талкуулап жатат. Бул сабакты окутуу үчүн чет өлкөдөн мугалимдерди жана адистерди тартуу пландалган.

Идеяны президент Шавкат Мирзиёев да колдоп, "Капитал рыногун жөнгө салуу системасын мындан ары жакшыртуу чаралары жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости