www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамда салык органдарынын таасири дагы күчөп жатат. Бул тууралуу Бизнес омбудсмендин орун басары Нурлан Мүсүралиев билдирди. 

--"Мыйзамда салык органдарынын таасири дагы күчөп жатат. Алар министрлер кабинетинин чечими менен каалаган учурда бизнес субъектилерде рейддик текшерүүлөрдү жүргүзө алат. Өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин эске алганда бул бизнеске чоң тоскоолдук болоору айдан ачык.

Ошондой эле ички соода, мамлекеттик сатып алуулар жаатында өкмөттүн ыйгарым укуктары кеңейип жатат. Өзгөчө кырдаал шартында министрлер кабинети мамлекеттик сатып алууларды "Мамлекеттик сатып алуулар'' жөнүндөгү мыйзамдан сырткары жүргүзө алат. Бул дагы чоң коррупциялык коркунуч. Андан тышкары мамлекеттик мүлктү башкаруу, кен иштетүү тармагы боюнча аткаруу бийлигине чоң укуктар берилүүдө'', - дейт Мүсүралиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости