www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дубай шаарынын мураскер канзаадасы Хамдан бин Мухамед аль-Мактум шумкар менен аңчылык кылуу максатында Өзбекстанга барды. Анын сапары Навои облусунда өтүп жатканын ал өзү социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.

Навои шаарынан 50 км аралыкта жайгашкан питомник 2008-жылы Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун демилгеси менен негизделген. Өзбекстандагы дрофа сезону сентябрь-октябрь айларына туура келет.

Канзааданын үй-бүлөсү Өзбекстанда аңчылык кылууну жактырат. Алар акыркы жолу аңчылык үчүн Өзбекстанга 2020-жылдын октябрында барган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости