www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун жаңысы пайда болоору айтылды

Sars-CoV-2 коронавирусу адамдан жаныбарга жугуп, бир нече жолу мутация болгондон кийин кайра жаңы Sars-CoV-3 коронавирусу пайда болуп, ал адамдарга илешип, жаңы пандемияны чыгарышы ыктымал. Бул тууралуу Америка-Сингапур медициналык университетинин профессору Ван Линьфа билдиргенин РИА Новости жазат.

Sars-CoV-2 коронавирусу адамга жарганаттан жукканы айтылып келет. Профессор белгилегендей, жарганаттардын иммундук системасы уникалдуу. Бул жаныбардын организми вирустардын көбөйүп, мутация болушуна жол берет, бирок жарганаттын организминде оору өрчүй албайт.

«Коронавирус инфекциясынын адамдан жаныбарга өткөн учурлары катталган. Пандемия учурунда үй жаныбарлары коронавирусту кожоюндарынан жуктуруп алган учур бир нече ирет аныкталган.

Sars-CoV-2 коронавирусу жуккандыктан ковид оорусу менен ооруп жаткан адам бир жерге жеп бүтпөй калган жемишин таштап коюп, аны жарганат жеп алса, вирус жаныбардын ичинен мутацияланып, ал башка жаныбарга жугуп, дагы өзгөрүшү ыктымал», — дейт окумуштуу.

Мындай жол менен Sars-CoV-3 деген жаңы вирус жаралып, ал кайрадан адамдарга жугуп, жаңы пандемия чыгарышы мүмкүн экени айтылды.

Илимпоз жаңы пандемиянын алдын алуу үчүн жарганаттардын популяциясында пайда болгон жаңы вирустарды кылдаттык менен карап туруу керектигин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости