www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Центерра Голд» утулаарын билип, кыргыз бийлигине жалаа жаба баштады», - деди бүгүн, 7-октябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.
- Рамазан агай, «Центерра Голд» компаниясы экологияга зыян келтирген эмеспиз деп коюлган дооматтарды четке каккан билдирүү таратты. Алар актансак жеңиш биз тарапта болот деген позицияны кармана башташтыбы?
- Менимче, алар бети жоктук кылып жатышат. Алар жолугушуудан кийин утулаарын билип, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, кыргыз бийлигине жалаа жаап, суудан кургак чыккылары келип жатат.
Чынында «Кумтөрдөгү» абал алар актана тургандай эмес. Табийгатыбыздын таш талканын чыгарып, экологияга эсепсиз чыгым келтиришти. Уулуу калдыктар төгүлгөн жерлер да маселе жаратат.
Ага карабай кыргыз бийлиги тарабынан коюлуп жаткан доолорду четке кагып жатканы алардын жоопкерчилигинин жоктугу жана мамлекетибизди ойлобогону деп түшүнүшүбүз керек. Кандай болгон күндө да айыгышкан күрөш башталды.
Ошон үчүн биздин бийликтегилер алар тараптан боло турган түрдүү соккуларга даяр турушу керек. Ошондой эле, ушундай бети жок фирманы Кыргызстанга алып келип, элди азапка салган Акаевге кечирим болбош керек.
Суракка алмыш болуп, кайра коё берип жибергени жарабайт. Аны жоопкерчиликке тартыш керек.
Булак: NazarNews.kg