www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика министринин мурдагы орун басары, саясатчы Элдар Абакиров мамлекеттик башкарууда кийинки парламенттин ыйгарым укуктары чектелгенин белгилеп, бийликтин Жогорку Кеңешке өз адамдарын алып келүүгө кызыкдар болууга кажети жок деп эсептейт.

Экономист бул тууралуу "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" талкуусунда билдирди.

"Бийлик шайлоону ойлонбошу керек. Таза өткөрсө эле кудай буюрган депутаттар келет. Эми Жогорку Кеңештин функциясы деле өтө минималдуу. Трибуна сыяктуу эле болуп калды. Ошондуктан бийликтин партиясын түзүп, аны менен алышпай, экономика жана ири долбоорлорду ишке ашыруу керек. Ишкерлерге кыска мөөнөттө шарт түзүп берсе эле Кыргызстан жакшы жолго кетиши мүмкүн", - деди Абакиров.

Абакиров темир-жол долбоорун баштоо, чакан ГЭС салууга кызыкдар ишкерлерге шарт түзүү сыяктуу сунуштарын айтты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу чолкөмдөрдөн шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышаары азырынча анык эмес. "Аалам" жана "Ак ниет" партиялары шайлоого катышуудан баш тарткан.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, анын арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости