www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жол кирени этап-этап менен көтөрсө туура болмок», - деди бүгүн, 7-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине ЖКнын депутаты Марлен Маматалиев.

- Марлен Абдрахманович, жол киренин кымбаттаганы карапайым элге маселе жаратпайбы?

- Албетте, жол киренин кымбаттаганы карапайым элге маселе менен түйшүк жаратат. Ансыз да баары кымбаттап жатат. Күйүүчү майдын да кымбаттаганы үчүн ушул кадамга барышкандай.

Негизи, жол кирени бир эле көтөрүп салбай, этап-этап менен көтөрсө туура болмок. Биздин «Ынтымак» фракциясы элдин жашоо-турмушун эске алалы, этап менен көтөрөлү деген маселени айткан.

Бирок, тилекке каршы, колдоо тапкан жок. Кыскасы, жол киренин көтөрүлүшүнө каршы болуп, кичи автобустарды да 15 сом эмес, 11 сом болсун деп катуу туруп бердик.

- Жол кирени мындан ары жогорулатпай коюунун жолу барбы?

- Жолу бар. Эгер жол кирени мындан ары кымбаттатпайбыз десек, тез арада троллейбустарды жана элктро автобустарды көбөйтүшүбүз керек. Ошондо гана тариф маселеси токтойт. Жол акы көтөрүлбөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости