www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окурманыбыз "Көк-Жар айылында коронавирус жуктурган үй-бүлө тууралуу ушак тарап жатат. Ошонун чын-бышыгын тактап бергилечи",-деп бизге кайрылган. Анын суранычы менен бул маалыматты тактоону туура көрдүк.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кѳк-Жар айыл аймагында эки кишиден коронавирус катталып, айыл өкмөттө көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу NazarNews.kgге Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү билдирди.

“Үй-бүлө Дубайга эс алганы барган (жубайы менен жолдошу).

Коронавирус илдетине жолдошу менен уулу кабылып, алар ооруканага жаткырылган. Уулу 1994-жылы туулган. Ал эми жубайы менен кызы дагы ооруканада көзөмөлгө алынган”,-деп айтылат маалыматта.

Кѳк-Жар айыл ѳкмѳтү: “Биз учурда күчѳтүлгөн тартипте иштеп жатабыз. Азыр Кѳк-Жар айылында фильтрациялык пост эмес, санитардык-карантиндик пост уюштурулду. Сырттан келген адамдар киргизилбейт. Тургундар ѳтѳ муктаж учурда гана чыкканга мүмкүн.

Айылдын ичиндеги бардык калкты тейлѳѳчү кызматтар, дүкѳндүн баары жабылып, бир гана чоӊ дүкѳн калтырылды.

Ага кошумча, вирус чыккан үй-бүлѳ толугу менен обсервацияга алынып, алардын үйү дезинфекция болуп бекитилди. Айылда бардык кѳчѳлѳр дезинфекцияланып жатат”, - деп кабар берген.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 31-мартына карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталды:

Бишкек ш. – 1
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 2
Чүй облусу – 1
Ош облусу – 5
Жалал-Абад облусу – 1

Маалыматка караганда, бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости