www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британ ханхаадасы Гарри менен анын жубайы Меган Маркл 31-мартта расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп беришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Алар “Инстаграмдагы” Sussex Royal аккаунтундагы катталуучулары менен да кош айтышып, “Мындан ары бизди бул жерден көрбөйсүздөр”, деп жазышкан.
Эске сала кетсек, январь айында герцог менен герцогиня падышалык титулдан баш тартышкан. Ошондой эле алар финансылык жактан да көз каранды болобуз деп жарялашкан.
Ханзаада Гарри менен Меган Маркл 2018-жылы үйлөнгөндөн кийин ээ болгон Сассекс герцог жана герцогинялары титулун сактап калышат. Бирок, улуу урматтуу деген титулдан ажырагандыктан, алар өздөрүнө ылайыктуу фамилия тандоого туура келет.
Учурда түгөйлөр уулу Арчи менен Лос-Анжелесте жашоодо.
Булак: NazarNews.kg