www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таиландда 1-апрелге карата айтылуучу тамашалар же коронавируска байланыштуу калп маалыматтар болсо, аны айткан жана тараткан жарандар эркинен ажыратылат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Косонлават Интхучунйонг билдиргенин чет элдик мааылмат булактар жазып чыкты.
"1-апрель күлкү күнүнө карата социалдык тармактарда же болбосо маалымат каражаттарында коронавирус инфекциясына байланыштуу кандайдыр бир тамашаларды же калп маалыматтарды жарыялагандар мыйзамдуу түрдө 2 жылга эркинен ажыратылат", - деп билдирген.
Акыркы маалыматтар боюнча, Таиландда 1651 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Алардын ичинен 10 киши илдеттен көз жумса, 342 адам айыгып чыккан.
Булак: NazarNews.kg