www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДУБАНЫН КҮЧҮ:

Айылга келатканда тээ алыстан эле бакыйып көрүнгөн бул дарак биздин айыл четинде качантан бери турат, билбейм. Мен бала болуп жаралып, эс тартканы ал дарактын жанына көп эле жолу ойногонбуз. Ооба, айылдын жогору жагындагы дарак ээн талаада жалгыз өскөн эле. Анын айланасында бир да тал-терек жок болчу. Дарактын түбүнөн билектей булак оргуп чыгып. Кайсыл маалда барып ичсең муздак боло турган эле. Талас өрөөнүндөгү эл бул даракка келишип мазар тутушуп, сыйынышып, анын шактарына чүпүрөктөрдү байлап кётчү. Ошондуктан жалбырактары күбүлгөн кыштын күнү да ал кызыл-тазыл болуп башкача көрүнчү. Биздин айылдыктар аны "Улукбек дубананын багы" деп аташаар эле. Эл эмне үчүн аны дубана атап койгону белгисиз. Бирок анын касиети күч бакшы болгондугу тууралуу болумуштар дале эл арасында айтылып жүрөт. Бул дарак чырпык кезинде ошол какыраган ээн талаага Улукбек дубана отургузуптур. "Бул чырпык саңбалдуу дарак болот, ага чейин мен өлөм. Мен өлгөн күнү дарак түбүнөн билектей булак агып чыгат. Ошол күндөн тарта бул даракка мазар катары сыйына бергиле. Ал силерди ар кандай кырсыктардан сактайт" деп аманат калтырган.

Чын эле Улукбек бакшы каза болгон күнү дарак түбүнөн булак оргуп агып чыгат. Улукбек дубананын касиетине ишенген эл алигиче мазарга сыйынып жүрүшөт. Башында айтып кетпедикпи, Улукбектин эмне үчүн дубана аталып калганы белгисиз деп. Ал өмүрүнүн аягына чейип жалгыз бой, элге кошулбай жашап өтүптүр. Учурунда ал да үйлөнгөн экен. Бирок балалуу болбойт. Кудай Таалам ага "ыңаалаган" ымыркай үнүн угузбайт. Бакшы буга эч кейибейт. Аялы менен жашап жүрө берет. Бир күнү аялын жанына чакырып алган дубана ичиндеги сырын ачыкка чыгарат:

-Сен мени мен жашап жүрө берсең эч перзенттүү болбойсуң. Мен сенин башыңды бошотоюн. Менден кетип, тигил жылчыңдуу колотто отурган Тынымсейитке тийип ал. Андан сен бир балалуу болосуң. Ал бала аты кыргызга угулган белгилүү адам болот. Бакшынын аялы көпкө макул болбой, акыры көнөт. Анан ал Тынымсейитти да көндүрөт. Чындыгында эле бир балалуу болушуп кийин ал баласы эл башкарган белгилүү адамдардан болуп чыгыптыр. Эл Улукбек бакшынын мына ушул көзү ачыктыгына, айкөлдүгүнө баа беришип, ыйлап азыркыга чейин аңыз кеп кылып жүрүшөт. Ушундай касиеттүүлүгүнөн Улукбек дубананын кадыр-баркы арта баштайт!

Ооруп келишип анын колунан айыккандар болот. Улукбек дубананын бакшылык өнөрү күчтүү болгон экен. Мына ошондой күндөрдүн биринде Улукбек жашаган аймакта жыйын болуп калат. Эл көп чогулуп, Талас өрөөнүнүн мен мыкты деген адамдары чогулушат. Эл арасында Улукбек дубана да бар эле. Жыйын бүткөн соң эл кобурашып, сүйлөшүп отуруп калышты.

Арасынан бирөө Улукбекке тийише сүйлөйт:

-Сизди күчтүү дубана дешет, бир касиеттүүлүгүңүздү көпчүлүк элге көрсөтпөйсүзбү?

-Ой койгулачы...

-Эми бир жолу эле көрсөтүп койбойсузбу?

-Жок, болбойт иним, - деп алгач дубана макул болбойт.

Өзү теңдүүлөр:

-Бар өнөрүңдү көрсөтпөйсүңбү же жалган эле бакшы атка конуп жүрөсүңбү, - дешип эл арасынан жанагы жигитти кубаттап кетишет. Ал сөзгө териге түшкөн Улукбек бакшы элге кайрылат.

-Болуптур, эмне кылып берейин силерге?

-Өзүңүз каалаган өнөрүңүздү көргөзүңүз бизге.

-Анда силерге мына бул тигилген боз үйдүн ичине каз-өрдөк ойнотуп берейин.

Жыйын үчүн атайын арналып тигилген боз үй бар эле. Улукбек дубана кишилердин бардыгын сыртка чыгарат да чөк түшүп отуруп комузун чертип, ичинен күүсүн кайрып дубасын окуй баштайт.

"Эмне болуп кетээр экен" деп бир нерсени күткөн эл да тыптынч, айлана өлүү жымжырт. Бир маалда боз үйдүн түндүк жабуусу асманга көтөрүлүп жөнөйт. Андан соң үзүк-туур дугу чечилип, ал дагы абага көтөрүлөт. Аны көргөн эл өз көзүнө өздөрү ишенишпей аң-таң калышат. Бардыгы учуп отуруп эң акырында чий жөлөнгөн кереге, уук калат. Бир кезде шырылдап аккан суунун дабышы чыгып боз үй ичинде суу найда боло баштайт. Кереге, ууктун ачык жерлеринен агып кетпестен боз үйгө бел курчоого чейин суу көтөрүлүп чыгат. Бир оокумда топтошкон каз-өрдөктөр пайда болуп, боз үйдүн түндүгүнөн биринин артынан бири ээрчишип киришип, ичиндеги көлмөдө каркылдап ойной башташат. Бул көрүнүш жарым саатка жакын созулат. Андан соң бакшы дубасын жандырып жиберген. Ошентип бакшы бир жолу өнөрүн элге көрсөтүп берген. Ошол окуя көпчүлүктү аябай таң калтырган. Кийинки муун аны жакшы билбесе дагы ушул кезге чейин аңыз катары ооздон-оозго көчүп, айтылып келет. 

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

Последние новости