www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенттик администрациясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Баглан Майлыбаев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Ал 2017-жылы «мамлекеттик сырлар тууралуу» иш боюнча беш жылга эркинен ажыратылган. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Нур-Султандагы тергөө абагында камакта отурган Майлыбаев 30-майда эле эркиндикке чыккан, бирок бул тууралуу эми гана белгилүү болду. Ал камакта дагы бир жыл, төрт ай жана 21 күн отурушу керек эле.

Баглан Майлыбаевдин атасы абактан чыккан уулунун абалы жакшы экенин билдирди.

Майлыбаев президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары кызматынан 2017-жылы 12-январда бошотулган. Бир нече күндөн кийин «Мамлекеттик сырларды мыйзамсыз топтоо жана таратуу» беренеси боюнча шектелип камакка алынган.

Эске сала кетсек, ал президенттик администрацияда 2011-жылдан бери идеологиялык тармакты жана ички саясат маселелерин көзөмөлдөчү. Анын иши боюнча сот отуруму жабык өтүп, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары анын өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган. Иштин материалдары ачык жарыяланбагандыктан, анын кимдин кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик сырларды топтоп жүргөнү белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости