www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө калкынын 20%дан азы гана «эркин» өлкөлөрдө жашайт

«Freedom House» уюмунун «Дүйнөдөгү эркиндик» рейтингинде Өзбекстан кайрадан «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарына кирди.

Уюмдун 2021-жылдагы баяндамасына ылайык, Өзбекстан, Беларусия өлкөлөрү Газа сектору жана Йемен менен бир позицияда туруп, 100 упайдын 11 упайын гана алган. 2020-жылы Өзбекстан 10 упай топтогон.

Өзбекстандыктардын саясий укугу 40 баллдан 2 баллга чейин, ал эми жарандык эркиндиктердин деңгээли 60 баллдан 9 баллга чейин бааланды.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан Өзбекстандан 28 упай, Казакстандан 23 упай алдыда баратат. Өзбекстандан кийин 8 упай менен Тажикстан жана 2 упай менен Түркмөнстан турат.

Рейтингде Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардыгы «эркин эмес» деген статуска ээ. Буга чейин «жарым-жартылай эркин» өлкө болгон Кыргызстан да 11 пунктка төмөндөп, быйыл «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарына кирди.

Дүйнөдөгү эң жогорку эркиндикке ээ беш өлкө — Швеция, Норвегия, Финляндия, Жаңы Зеландия, Канада.

Жалпысынан 195 мамлекеттин ичинен 82 өлкө «эркин» аталышты, алардын катарында Батыш жана Түндүк Европанын бардык мамлекеттери, Борбордук Европанын көпчүлүк өлкөлөрү, Балтика өлкөлөрү, Түндүк Америка, Түштүк Американын бир катар өлкөлөрү, Тунис, Гана, Ботсвана, Намибия, Түштүк Африка, Монголия, Түштүк Корея, Япония жана Тайвань бар.

Дүйнөнүн калкынын 20 пайыздан азы гана «эркин» өлкөлөрдө жашайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости