www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Үчүнчү жактан жүргөн сүйлөшүү” аттуу макала 1-мартта, №35 (6029) “Коммерсантъ” гезитине чыккан. Орусиянын президенти В.Путиндин дайыма жанына ээрчитип жүргөн сүйүктүү журналисти А. Колесников биздин ажонун кандай өзгөрүп кеткенин байкап, аябай баамдап жазганын дагы бир жолу берип коелу деп чечтик. Кандай өзгөргөнүнө чогуу кулак төшөйлү!

Үчүнчү жактан жүргөн сүйлөшүү

Орусия президенти В.Путин Душамбеден Бишкекке учуп келип, Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, кыргыз президентинин жеке өзүнө аябай сылык-сыпаа, үчүнчү жактан кайрылып калганына күбө болду. Өз сөзүндө кыргыз президенти: Атамбаев болбосо, республика башаламандык менен революциядан башы чыкмак эместигин, эми өзү турганда өнүгө турган убакыт келгенин түшүндүрдү. Кыска убакыт аралыгында кыргыз президенти кантип өзгөрүп кеткени тууралуу – Бишкектен “Ъ” гезитинин атайын кабарчысы Андрей Колесников кабарлайт.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Владимир Путинди өзүнүн Ала-Арча резиденциясында кабыл алды. Андан башка кайсыл жерден кабыл алат эле: Бишкек шаары көзгө комсоо көрүнөт, анан аны мейманга көрсөтүү ашыкча болсо керек (бирок, бул шаар ири кредит сураганга туура келет экен).

Душамбеге караганда ардак кароол чыкыйып тосуп алды, тимеле үйдөгүдөй. Президенттердин алдына салынган килемдин эскилиги даана көрүнүп турду. Бирок, Алмазбек Атамбаев, тескерисинче, аябай гүлдөп алыптыр, байкашымча, Владимир Путин келген сайын гүлдөгөндөн гүлдөп барат. Мекени Кыргызстанда ал аябай өзүн эркин сезип, эл аны аябай сүйөрүнө чексиз ишенет окшойт. Кандай болсо да, Орусия менен Кыргызстандын президенттери берген кыска пресс-конференциядан кийин башкача жыйынтык айтуу мүмкүн эмес. Владимир Путин Бишкекке качан келбесин, саясый абал чыңалуу турганын түшүнүшүбүз кажет. Же элдик толкундоолор бүткөнү же болоору белгисиз. Бу жолу “Ата Мекен” оппозициялык партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышы менен республиканы чыр-чатак камтып туруптур. Көрсө, Орусиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский бир нече жылдан кийин пара бергем деп көрсөтмө берген экен.

Мен пресс-конференцияда кыргыз президенти бул темага кайрылбайт деп ойлогом: ушундай эки өлкөнүн президенти меймандос кыргыз жеринде жолугуп жаткан жарык маанайды караңгы фон менен чулгоо кажет беле?

Бирок, Алмазбек Атамбаев, тескерисинче, бул жөнүндө сүйлөгүсү келип туруптур:

-- Мен айтып коеюн,-деди биринчи суроо берилгенде эле, өзү ушул теманы айткысы келгендей, - эгер кимде ким Кыргызстанда революция жасагысы келсе, бүгүн эскертип коеюн, эки революцияны тең лидери Атамбаев болгон. 2005-жылы Акүйдү алганга Атамбаевдин үлүшү зор. 2010-жылы, эсиңердеби, Кыргызстандын жарандары кайсыл жерге чогулду эле? Атамбаевдин имаратынын алдында. Медиа-форум кайсыл жерде өттү эле? Так ушундай!

Кыргызстандын президенти өзү жөнүндө биринчи жолу эле үчүнчү жактан сүйлөп жаткан жок. Кеп анын Кыргызстандагы негизги революционер экенинде эмес, кеп кыргыз президентинен өзүн революционер катары бөлүп жатканында болуп жатат. Алмазбек Атамбаев кызматына ушунчалык кыныгып калган экен, өзү жөнүндө айтып жатканда, “мен” деген сөздү колдонбой калыптыр: кызмат ушунчалык зор маанилүү, а киши өтө улуу экен, анан кантип өзүнө теңтуштай мамиле кылсын.

-- Ошондуктан,-сөзүн улады Алмазбек Атамбаев,- эгерде үчүнчү революция болсо... эми мен аны жасабайм!

Башкача айтканда, Алмазбек Атамбаев революциянын шансы жок экендигин кыйынтты. Чын да, Алмазбек Атамбаевди кулатууга багытталган революцияны Алмазбек Атамбаев башкарып калса, кызыктай эле болуп калмак.   

-- Ошондуктан силерге айтып коеюн,- сөзүн улады кыргыз президенти. – Бизге мурдагыдай ырдаганга болбойт... Владимир Владимирович мени дайыма тамашалай берчү...

Азыр Алмазбек Атамбаев орус президентинин аты-жөнүн өзгөчө басым менен айтып калганын белгилей кетели. Атамбаев алгач президенттик ишин баштаганда “Владимир Владимирович” деп так айтып келсе, азыр кыскача эле “Влач” дегенге өтүптүр.

Дагы бир байкаганыбыз, ардак кароолго катар салынган кызыл килем үстүндө баратып, Алмазбек Атамбаев орус президентинин колунан алып, өзүн карай тарта баштады. Тигил инстингтивдүү түрдө каршылык көрсөтүп баратты.

Сыртынан караганда, бул сүйлөшүүгө кызуу даярдангандай, бири-бирин ийиндери менен түртүшүп бараткандай көрүнүп турду.

Чындыгында, Владимир Путин тарабынан өзгөчө мамиле бар экенине Кыргызстан президенти аябай ишенип алган көрүнөт, ушунчалык ашыкча эркин мамилесине караганда. Чындап эле мамиле өзгөчө көрүнүшү мүмкүн: өз учурунда Владимир Путинге жаңы кыргыз президенти жакса керек  – анда Алмазбек Атамбаев КМШ президенттеринин катарына алгач кошулуп, табыгый уялчаактыгы байкалган, анан колдоп койгон да.

Кыскасы, бул пресс-конференцияда “мен” деген сөздү унутуп койгон Атамбаев мырзанын өзгөргөнү даана көрүнүп турду. Муну Путин мырза деле даана байкады окшойт.

-- Баягы ырды эстедим,- сөзүн улады,- “Революциянын башаты бар, революциянын аягы жок!” Эми Кыргызстан кадимкидей өнүгүп жаткан өлкө болушу керек (“өнүккөн” дебей, “өнүгүп жаткан” дегенин өзү байкаган чыгаар. – А.К.). Акыркы көрсөткүчтөр туура жолдо баратканыбызды көрсөтүп турат. Бийлик революция кылбашы керек (дагы үчүнчү жактан өзүнө өзү далилдеп жатты.- А.К.) жана Акүйдүн тосмосуна чыгуунун зарылдыгы жок (өзү чыгып көрсө керек да, анан жакпай калып, эми минтип кеңеш айтып жатканы го.- А.К.), жөн гана шайлоого катышкыла!

Басымды акыркы тамгага жасады.

(Андан соң, журналист Путиндин сөзүн келтирип, Беларусь президенти Александр Лукашенко менен болгон мамилесине, жардамдар, Кыргызстанга бөлүнгөн акчалай каражаттар, жабдыктар жөнүндө келтирген. Эми макаланы кайра уланталы).

Аңгыча Алмазбек Атамбаевдин тынчын алган нерсе өзү экенин билгизип койду. Дароо сөз алып, мындай деди:

-- Биринчи жолу, менимче, 2010-жылы, биздин майданда кишилер өлгөндө, кимдир бирөөлөр акча бөлүштүрүп жаткан, ошондо эле мунун баары сыртка чыгат деп айткам... – деп камакка алынган оппозиция лидерин, мурдагы вице-премьерди эскерип алды. - Мен орус жараны интервью бергенин орус сайтынан карап чыктым...  көрсөтмө бергенге күчү жетиптир. Андан эмнеге буга чейин кайрылган эмес десе... ал коркконун, бул ишти президент көзөмөлгө аларына ишенбестигин айткан. Мен жашырбай айтып коеюн: бардыгы Атамбаевдин да үлүшү бар деп ойлошкон (бул айтканы инсандын экиге бөлүнгөн чекке келгенинен кабарлайт! – А.К.). 2010-жылдагы революциядан кийин, мародерлук болгону, рэкет болгону – бул чындык да! Жөнөкөй кишилер өлүп жатса, бирөөлөр кан менен бийликке келди, акча жасай башташты – бу дагы кашкайган чындык!

Бу пресс-конференцияда президент өзүнүн суроолоруна жооп берип жатканында калет жок.

-- Ууру түрмөдө олтурушу керек! Билбейм, кийинки президенттин духу буга жетеби (аягына чейин жеткирүүгө – А.К.), бирок, мен турганда муну аягына чыгарам! (бул сөздөрү ушул жылдын ноябрь айынын аягында боло турган президенттик шайлоо компаниясынын элементине жатат.- А.К.) – Алмазбек Атамбаев сөзүн улай берди. – Атамбаевдин үлүшү бар деп бардыгы ойлогон! А Атамбаев эч качан уурулук кылган эмес! Ал иштеп тапкан! Атамбаев мультимиллионер болгондо, азыркы көптөгөн миллионерлер бизнесин жаңыдан баштап жаткан болучу!.. А мен ошондо эле долларлуу мультимиллионер элем! Революцияларды токтотуш керек! Өлкө башка, күч структуралары башка, президент башка, мындан кийин өлкөдөгү башаламандыкка чыдабайбыз!

Пресс-конференциядан чыгышкандан кийин кыргыз президенти кайра эле Владимир Путиндин колунан тарта баштады.

Алмазбек Атамбаев өзүн саясатта бышып калган мезгилге келгендей сезип калганы көз көрүнөө.

Путин мырза андай таасир калтырбайт.

Андрей Колесников, “Коммерсантъ” гезитинин атайын кабарчысы

Которгон, Кызгалдак Жакыпова

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости