www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан он жыл мурун “90-60-90” ыры менен чоң сахнага аттанып, атактуулуктун даамын сезген Кундуз Канатбек кызы. Ал өзүнүн сулуулугу, назиктиги, келишимдүүлүгү менен башка ырчы айымдарды артка таштап, көп жигиттердин көңүл борборунда болгону баарыбызга маалым. Акыркы жылдары ырчы кыз сахнадан көп көрүнбөй, тыныгуу алып кеткен. Учурда “Кайда? Эмне менен алек?” деген суроолорубузга Кундуз менен чай үстүндө маектешип, жооп алып кайттык.

- Салам, Кундуз! Чыгармачылыктагы тыныгууң кандай өттү?

- Саламатсыздарбы! Чыгармачылык тыныгууну ден-соолугума байланыштуу алгам. Ден-соолугун болбосо эч нерсеге жетише албайт экенсиң. Күтүүсүздөн эле катуу ооруп калып, ооруканага жатып калдым. Андан кийин убактылуу ырдабай туруумду түшүндүрүштү. Ошону менен үйдө өзүмдү-өзүм өстүрүп, көп күнүмдү китеп окуу, спорт менен алектенүү менен өттү.

- Учурда баары артта калгандай...

- Ооба, азыр ден-соолугум жайында болуп калды. Эч кимдин башына оору салбасын деп тилейм.

- Чыгармачылык жаатта кандай жаңылыктарың бар?

- Былтыркы жылдан тарта чыгармачылыгыма кызуу киришип, иштеп баштадым. Жаңы ырларды жаздырдым. Бул жылы “Самап келем” аттуу дуэт клибти жарыкка чыгардым. Азыркы тапта бир нече ырдын үстүнөн иштеп жаткан мезгилим.

- Бир топ жыл сахнада жүрсөң да, жеке концертиңди тартуулай элексиң. Эмнеге?

- Баардык нерсе өз убагы менен болот. Бир нече ыр жазып алып эле жеке концертимди берем дегенден алысмын. Жеке концерт берүү үчүн жетиштүү репертуар, жогорку деңгээлдеги даярдык керек. Алдыңкы пландарымда жеке концертимди берүү тууралуу ойлор жок.

- Жакында отуз жашка толот экенсиң. Турмуш жолуна качан аттанасың?

- Учурда жүрөгүм бош эмес. Адам баласы жүрөккө буйрук бере албайт экен. Кайсыл бир адамды жактырып, сүйүп калсам турмуштун даңгыр жолуна бирге аттанууга даярмын деп айтчумун. Азыркы тапта кыялымдагы жигитим менен кол кармашып, кыз-жигит мамилесинде болуп, сүйлөшүп жүрөм.

- Анан той качан?

- Кудай буюрган күнү деп турам.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости