www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сатурндун салмагы, жаш курагы...

Американын NASA космостук агентчилиги Сатурндун атмосферасы менен анын шакектеринин ортосунан учуп өтүү - эң чоң жетишкендик,- деп Би-Би-Си билдирет. “Бул миссия көптөгөн жаңы жана таңгаларлык жаңылыктарды берет,- дейт Франциядагы Медонедеги Париж обсерватоиясынан Атени Кустени мырза. – Сатурндун атмосферасынын курамы, түзүлүшү, динамикасы жана анын шакекчелери жөнүндө кызыктуу маалыматтарды алабыз деп турабыз”.

Миссиянын эң негизги тапшырмасы – Сатурндун жана шакекчелеринин салмагын, ошондой эле жаш курагын аныктоо болуп саналат. “Мурда шакекчелерди салмагын аныктай албай койгонбуз,  анткени Cassini алардан четирээк учуп өткөн.,” – дейт Ла Сапиенца Рим университетинен Лучано Иесс.  Европалык космостук агентчилигинен Николас Алтобелли: “Эгерде окумуштуулар шакекчелердин салмагын аныктаган күндө деле, алардын жаш курагын биле алышат деп айтуу кыйын. Биз Сатурндун шакекчелеринин курамынын параметрлерин түшүнүүбүз керек.

Алар жалаң муз түрүндөгү суудан турат. Эгерде алардын жаш курагы Сатурндун жаш курагына туура келсе, анда эмнеге мынчалык жаңы көрүнүшөт, кантсе да дайыма метеориттер келип урунуп жатпайбы?” дейт ал. Теориялардын бирине ылайык, шакекчелердин жашы анчалык көп болбошу мүмкүн, анткени кометанын калдыгы болуп калуусу ыктымал.

Мурда бир комета Сатурнга жакын келип, гравитациялык талаанын күчү менен жарылып, сансыз бөлүктөргө чачырап кеткен эле. Cassini планета аралык автоматтык станция 1997-жылы 5-октябрда космоско кое берилип, Сатурнга 2004-жылдын 1-июлунда жеткен. Ошондон бери ал планетанын орбитасында болуп, окумуштуулар анын спутниктери жөнүндө маалымат алып келишет.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости