www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирусту жуктурган адамдардын саны Бразилияда 2 миллиондон ашты, ал эми Индияда 1 миллиондон ашты. Индия бир миллиондон ашык илдет бар үчүнчү өлкө болуп калды.

Бразилия

Дүйнөнүн экинчи орунда турган Бразилияда, оору-сыркоо боюнча, каза болгондордун саны тездик менен көбөйүүдө. Латын Америкасында 2 012 151 адамга коронавирус диагнозу коюлган, алардын ичинен 1,397.531 адам айыгып чыккан. Бүгүнкү күнгө чейин COVID-19дан 76000ден ашуун адам көз жумду.

Бирок эксперттер цифралар чындыкка дал келбейт деп эсептешет. Бир нече институттардын окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан модель боюнча, өлкөдө 10 миллионго жакын бейтап болушу мүмкүн. Коронавирусту илдетине зарыл чараларды көрбөгөн Бразилиянын президенти Джейир Болсонару да коронавирус диагнозу менен ооруп калган.

Индия

Бир миллиарддан ашык калкы бар эки мамлекеттин бири Индияда 1,003,832 адамга коронавирус диагнозу коюлган. Өлкө бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда. Индияда 635,757 бейтап коронавирустан айыккан. Инфекциядан 25 602 адам көз жумган.

Индиялык кино жылдызы Амитабх Бачандын үй-бүлөсүнө да коронавирус диагнозу коюлган. Амитабх Бачандан тышкары, анын уулу Амхишек жана келини Айшвария Рай жана алардын кызы коронавируска чалдыккан.

Дүйнө жүзүндө коронавирус 13,827,384 адамга жуккан. Бүгүнкү күнгө чейин вирустан 590 401 адам көз жумду. 7,733,051 бейтап айыгып кетти. Вирустун таралышы боюнча АКШ дүйнөдө алдыңкы орунда. Коронавирус АКШда 3,576,430 адамда аныкталды.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости