www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайга кол салуу болду. Шектүүлөрдү Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери кармады, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

11-июль күнү саат 13:00 чамасында Октябрь РИИБге арыз менен 1967-жылы туулган Р.Н. кайрылган. Анын маалыматы боюнча, белгисиз адам ошол күнү саат 12:40 чамасында акча алмаштыруучу бюрого кирип, кызматкерди электрошокер менен коркутуп, 10 миң доллар акчаны тартып алган. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Октябрь РИИБдин тергөө кызматы Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

«Шектүү М.Б. бир нече жолу акча алмаштыруучу бюрого кардар катары кирген. Акыркысында жүрөгү ооруган адамдын ролун аткарып, эшиктин алдындагы отургучта отуруп турууну суранган. Кызматкер шектүүгө көчөгө чыгууга да жардам берген. Ошол учурда кызматкер кайра акча алмаштыруучу бюрого кирип бара жатканда шектүү моюн тарапка электрошокер менен сокку уруп, сабап, андан соң темир кутудагы 10 000 АКШ долларына жакын акча каражатын алып кеткен.

Бишкек ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери шектүү катары Чүй облусунун 1993-жылы туулган жашоочусун кармады», - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости