www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 14 миллион 893 миң 706 адам жуктуруп алды. Анын 8 миллион 429 миң 518 бейтабы айыгып чыкса, тилекке каршы 617 миң 364 адам каза болду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 3 миллион 897 миң 429 адамдан коронавирус аныкталып, 141 миң 969 адам каза болсо, 1 миллион 182 миң 18 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 2 миллион 159 миң 654 адамдан аныкталды. 81 миң 487 адам каза болсо, 1 миллион 555 миң 339 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 155 миң 354 адам вируска кабылган. 28 миң 84 бейтап көз жумса, 724 миң 578 бейтап оорудан сакайган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости